Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Корея Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанатка Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев катышты.

Баарлашуунун жүрүшүндө Куванычбек Конгантиевге Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ли Вонджае мырзаны куттуктап, 30 жыл ичинде Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелер эки тарапты кызыктырган бардык тармактарда бекемделгенин белгиледи. Ошону менен бирге, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы, келечекте эки тараптуу өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү жана байланыштарды бекемдөө үчүн тыгыз кызматташууга ишенимин билдирди.

Учурда Кыргызстанда жагымдуу инвестициялык климатты түзүү үчүн бардык аракеттер көрүлүп, саясий жана социалдык-экономикалык кайра куруулар жүргүзүлүүдө.