Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

2022-жылдын 21-мартында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев Кызыл-Аскер районундагы Товарная-2, Кайназарова жана Фучик көчөсүнүн тургундары менен жолугушту.

Төрага бардыгын Нооруз майрамы менен куттуктап, тургундарга боз үй белек кылды. Товарная-2 көчөсүнүн тургундары тарабынан майрамдык иш-чара уюштурулуп, дасторкон жайылды. Майрамдык салтанатка Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев менен катар Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин административдик районунун башчысы Руслан Тагаев катышты.