Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 
Саламатсыздарбы,
урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана жалпы мекендештер,
Бүгүн, сиздерди, Бишкек шаардык кеңешинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан бардыгыңыздарды улуу Нооруз майрамы менен, чын дилимден куттуктайм! 
 
Нооруз майрамы - токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын майрамы! 
 
Байыртадан, бул күнү, өмүрдөгү жаңы көктөм башат алат! Ар бирибиз жакшы тилек, аруу ой менен баштайбыз, бири-бирибизге жаркын маанай тартуулап, дасторконубуздун берекесин жайнатабыз.
 
Бул күнү, ар бирибиз келечектен жакшы үмүттөрдү тилеп, өлкөбүздө тынчтык, биримдик, бакубат жашоо болсун деп, ниет кылабыз.
 
Урматтуу мекендештер, 
 
Кыргызстаныбыз мындан ары карай да, ɵсүп-ɵнүгүү жолунда болсун! Тилектер орундалсын, үмүттөр акталсын, кыялдар турмушка ашсын!
Нооруз майрамыңыздар менен!