Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Урматтуу биздин айымдар: апалар, эже-карындаштар жана коллегалар,

Бишкек шаардык кеңешинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди жаз майрамы – Аялдардын эл аралык күнү менен, чын жүрөктөн куттуктайм!

Жадыраган жаз майрамы, өзү менен кошо түгөнбөгөн жакшылыктарды, жана турмуштук оптимизмди ала жүрөт. Аялзаты – махабат жана сулуулук, энелик мээрим жана үйдүн куту болгон, бүтүндөй дүйнө.

Сиздер үйүбүздүн куту, жашообуздун нурусуздар!

Адам жашоосун нурлантып, элибиздин жүгүн аркалаган эр-азаматтарды тарбиялап, мекенчил сезимди жүрөктөргө сээп, улутубуздун уюткучун сактап келесиздер. Сиздердин мээримиңиздер менен жашоонун жарыгы жанып, ыйык коломтобуздун оту өчпөйт.

Аялзатка болгон мамиле менен коомдун маданияты аныкталат. Сиздер тууралуу ырлар жазылып, искусство тармагында чыгармалар жаралып, сиздер үчүн баатырдыкка барабыз.

Кымбаттуу айымдар, ар бириңиздерге чың ден-соолук, узак өмүр, ушул жаздын жаркын күнүндөй ачык маанай каалаймын!

Майрамыңыздар менен!

Урматым менен, Куванычбек Конгантиев