Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн 2022-жылдын 1-мартында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев Кыргыз Республикасынын КР ЖӨБ Союзунун директору Бектурган Орозбаев менен жолугушту.

Жолугушууда кызматташуунун келечектеги пландары, ЖӨБ институтунун мааниси, анын ролу жана коомчулуктун өнүгүүсүнө кошкон салымы талкууланды.  Жана ошондой эле Европа Кеңешинин Жергиликтүү жана аймактык бийлик конгрессинин Башкы катчысы Андреас Кифер мырзанын келишине даярдыктар талкууланды, аны менен жолугушуу 202-жылдын 3-мартынаа белгиленген.

Бул Конгресс 1994-жылы түзүлгөн жана жергиликтүү жана аймактык бийлик органдарынын шайлануучу органдарынын өкүлдөрүнүн жолугушуулары жана тажрыйба алмашуу форуму болуп саналат, маданий долбоорлорго колдоо көрсөтөт, бул Конгресске катышкан өлкөлөрдүн өкүлдөрүн окутуу жана квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылат.