Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Куванычбек Конгантиев Киркомстром районунун жашоочулары  менен жолугушуп, ага чейин эле ал жердин активисттери жана жашоочулары менен парк куруу жана башка көрктөндүрүү маселелери боюнча бир нече жолу жолугушууда көтөрүлгөн маселелерди талкуулады.

Бүгүн, Алыкулов көчөсүндөгү балдар аянтчасын куруу, стимулдаштырылган гранттын шарты боюнча Мурманская жана  Кустанай көчөлөрүндө канализация куруу (бир бөлүгүн жашоочулар, бир бөлүгүн депутаттар), Абаканская көчөсүндөгү парк куруу маселелери талкууланды.