Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 
Бүгүн 2022-жылдын 1-мартында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев  Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча  жумушчу кеңешме өткөрдү.
Жумушчу кеңешменин максаты Бишкек шаарынын мэриясынын жана Бишкек шаардык кеңешинин биргелешкен жумушчу тобун түзүү болуп саналат. Жумушчу топко Бишкек шаарынын аймагында үйлөнүү үлпөттөрдү, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, үй-бүлөлүк  маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана  маркумдарды эскерүүгө арналган каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүүнү караган  иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону иштеп чыгуу боюнча иши жүктөлөт.