Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому” коомдук бирикмесинин окуучулары үчүн уюштурулган жаңы жылдык майрамга катышты. Кичинекей бөбөктөр үчүн Аяз ата менен Аяз кыздын катышуусунда театралдаштырылган оюн-зоок уюштурулуп, майрамдык маанай тартууланды.

Майрамдык оюн-зооктон кийин Куванычбек Конгантиев аталган коомдун 435 окуучусуна чың ден соолук, жаңы жылда жаңы жетишкендиктерди жана үй-бүлөдө жакшылыктарды каалап, таттуу белектерин тапшырды. Шаардык кеңештин төрагасынын балдарга болгон жылуу каалоо-тилектерин жаңдоо тили мугалими которуп турду.