Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Сиздерди, Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын, жана жеке өзүмдүн атымдан, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер!

Бир кылымдан ашык убакыт аралыгында жалпы өлкөбүздөй эле, улуттук коопсуздук органдары, калыптанууда, татаал жолду өттү.

Мамлекеттик коопсуздукту камсыздоону, улуттук кызыкчылыктарды коргоону, өлкөбүздө тынччылыкты сактап калууну – жашоонун мазмуну катары туткан инсандар, арабызда бар үчүн, биз өз мамлекеттүүлүгүбүздү,  жана эгемендүүлүгүбүздү сактап калдык.

Ар бир жаран, өзүн эркин, корголгон, жана тең сезген мамлекетти куруу, — бардыгыбызды бириктирип турган максат болуп саналат. Бирдикте гана биз, максатыбызга жетип, күчтүү, эгемендүү жана өнүккөн мамлекетти курабыз деп терең ишенем.

Сиздерге чын ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай жана мекенибизди коргоодо маанилүү кызматыңыздарга албан-албан ийгиликтерди каалайм!