Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Мындан туура 63 жыл мурун кыргыз телекөрсөтүүсү негизделген. Ошондон бери көптөгөн өзгөрүүлөр болуп, мезгилдин тенденциясына шайкеш келүү үчүн телекөрсөтүү өзү да тез өнүгүп жатат. Санариптик көрсөтүүнүн форматына өтүү менен, сутканын 24 саат бою эфирге чыга ала тургандыкка байланыштуу, азыркы убакта кыргыз телекөрсөтүүнүн диапозону кеңейди.

Баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин күнү менен Бишкек шаардык кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!

Сиздер уникалдуу кесиптин ээсисиздер. Биздин жашообуздун ажырагыс бөлүгү болуп, борбор калаабыздын турмушун чагылдыруу менен, сиздер күн сайын кыргызстандыктардын үйлөрүндө  болосуздар. Сиздин негизги максатыңыз – коомго объективдүү маалыматтарды жеткирүү, келечек муундарга руханий баалуулуктарды сиңирүү.

Убакыт бизден тез чечим кабыл алууну талап кылган санарип технологиялар доорунда, биз башкалардан артта калбай, заман агымы менен кошо, алдыңкы билимге умтулуп, атаандаштыкка жөндөмдүү болушубуз керек. Кыргыз Республикасынын позитивдүү имиджин дүйнөгө таанытууда сиздердин ролуңуздар баа жеткис.

Бул командалык иштин жыйынтыгы, көп учурда көшөгө артында калган кызматкерлердин эмгегинин, алардын түйшүктүү жана ырааттуу ишинин натыйжасы.

Сиздерге жаңы идеялар, чыгармачылык ийгилик, чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана бакубатчылык каалайм!

Урматтоо менен, Куванычбек Конгантиев