Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаарынын коомдук жана коомдук-саясий турмушунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын ролун жогору баалоо кыйын.

Өз алдынча башкаруу органдары аркылуу жарандар жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга, өз аймагынын, кварталынын, короосунун таламдарын коргоого укуктуу. Учурдан пайдаланып, жалпы республика боюнча жергиликтүү кеңештердеги кесиптештерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктайм.

Урматтуу кесиптештер, сиздерди Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттар күнү менен дагы бир ирет куттуктап, өлкөнүн бардык шаарларына жана айылдарына өсүп-өнүгүүнү, бакубат турмушту, стабилдүүлүктү, ар бир үй-бүлөгө жыргалчылык жана өлкөбүздүн жарандарына бакыт-таалай каалайм».

Терең урматтоо менен, Куванычбек Конгантиев