Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 
Бишкек шаарынын жашоочуларына сергек жашоону жайылтуу, ошондой эле жарандардын көңүлүн экологиялык жактан таза транспорттун түрү болгон - велосипедге буруу максатында борбордо 2021 - жылдын 24 - октябрында веложүрүш өткөрүлдү.
Веложүрүш «Вело Friends Positive KG» коомдук уюму жана «Жашыл Ай коому» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган. Иш-чараны уюштуруу жана өткөрүү Бишкек шаардык кеңеши тарабынан колдоого алынып көмөк көрсөтүлдү.
Ошондой эле, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Шаршенбай уулу Руслан, Жаныбек Асанбеков дагы веложүрүшкө катышып, шаардыктарды жылуу мезгилдин аякташы менен куттуктап өтүштү.
Иш - чаранын программасынын негизинде баалуу байгелери бар лотерея уюштурулуп, баш байге Түркияга саякаттоого жолдомо болду.