Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн борбор калаанын социалдык коргоо секторунун кызматкерлери кесиптик майрамын жана Бишкекте социалдык коргоо секторунун уюшулгандыгынын 25 жылдыгын белгилешүүдө.

Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо кызматкерлеринин жана профсоюздарынын күнүнө карата уюштурулган Бишкек шаардык кеңешинин сыйлыктарын тапшыруу аземи бүгүн Бишкек шаарынын социалдык тармагынын кызматкерлеринин, Бишкек шаардык кеңешинин төраганын орун басары Токтосун Султановдун, Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Жаныбек Асанбековдун жана Регламент, этика, укук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Бактыбек Абдиевдин катышуусунда өттү.

Токтосун Султанов салтанаттуу иш-чаранын катышуучуларын Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын атынан куттуктап, Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамоталарын жана Ыраазычылык каттарын тапшырды.