Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Быйыл Бишкек шаарынын социалдык өнүктүрүү тармагы 25 жылдыгын белгилөөдө. Жардамга жана колдоого муктаж адамдарга камкордук көрүү - боорукерликти жана бийик адамгерчиликти талап кылат.

Сиздердин жылуу мамиле, кайрымдуу эмгегиңиздер биздин жардам алуучулардын демине дем кошуп, жаркын келечекке ишенимин арттырып турат.

Профсоюз комитеттери жамааттарда социалдык стабилдүүлүктү камсыздоо, иш берүүчүнүн жана кызматкерлердин өз ара милдеттенмелерин сактоо, кызматкерлердин социалдык жана эмгек укуктарын жана кесиптик кызыкчылыктарын коргоо үчүн жооптуу. Профсоюздук уюмдар - бул маанилүү жана керектүү кыймыл, анын тажрыйбасы жана билими ар дайым эмгек укуктарын коргоого багытталышы керек.

Жүрөгүңүздөрдөгү кайрымдуулук эч качан өксүбөй, жардамга муктаж адамдарга тартуулаган боорукерлик, кайрымдуулук жана жакшылыктар өзүңүздөргө көп эселеп кайтып келсин!

Сиздердин түйшүктүү ак эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!

Сиздерди кесиптик майрамыныздар менен дагы бир ирет куттуктап, бекем ден-соолук, узун өмүр жана үй-бүлөӊүздөргө бакубатчылык каалайм!

Терең урматтоо менен, Куванычбек Конгантиев