Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Урматтуу мугалимдер,

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын мугалимдер күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Мугалим болуу чоң жоопкерчилик. Анын кесиптик өнүгүүсү педагогикалык чеберчилигине, акылмандыгына жана чыдамкайлыгына жараша болот. Жаш муундардын келечектеги калыптануусу, ийгиликтери жана жетишкендиктери - өлкөнүн эффективдүү өнүгүүсүн шарттайт.

Ардактуу педагогдор,

Биз сиздердин ийгиликтериңиз менен, окуучуларыңыздардын жана жолдоочуларыңыздын ийгиликтери менен сыймыктанабыз!

Урматтуу мугалимдер, талыкпаган эмгегиңиздер үчүн таазим! Сиздерге жылуулук, боорукердик жана чыдамкайлык үчүн, акылмандыгыңыз жана билимиңиз үчүн, кесипке берилгендигиңиз үчүн жана мыкты педагогикалык салттарга берилгендигиңиз үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.

Сиздерге чын жүрөктөн бакыт, бекем ден-соолук, бакубатчылык, оптимизм жана жаңы кесиптик жетишкендиктерди каалайм!