Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 
Кымбаттуу мекендештер, борбор тургундары жана шаарыбыздын коноктору!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм!
Бул күн көп улуттуу мамлекетибиздин ар бир жараны үчүн өзгөчө күн - өлкөбүздүн өз алдынчалыгын жана бүтүндүгүн белгилеп, кыргызстандыктардын эгемендүү өлкөдө жашоого, анын өнүгүүсүнө салым кошуп, келечекке болгон ишенимин арттырууга негиз түзөт.
Мекенибизге болгон ишеничибиз жана сүйүүбүз Кыргызстанды өнүккөн мамлекеттердин катарына кошууга биздин аракетибизди арттырат.
Ушул күнү бардык кыргызстандыктарга тынчтык, бийик максаттарыңыздын аткарылышын жана сүйүктүү Кыргызстаныбыздын өнүгүүсү үчүн бардык жакшы башталыштарыңызда ийгиликтерди каалайм!
Урматым менен, Куванычбек Конгантиев