Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 
2021-жылдын 28-августунда БШКнын “Ынтымак” фракциясынын депутаты Максат Алымбеков тарабынан жумушчу жыйын өттү. Жыйынга “Көлмө” конушунун жашоочулары, Биринчи Май муниципалдык администрациясынын башчысы
Максат Нусувалиев жана шаардык кызматтардын жетекчилери чакырылган.

Башкы маселе – “Көлмө” конушунда курулуучу жаңы китепкананын долбоорун иштеп чыгуу жана бул добоорду жүзөгө ашыруу. Долбоор боюнча жаңы китепкана жыйын залы менен салынат. Жолугушууда депутат Бишкек шаарынын мэриясына жашоочулардын сунуштарын эске алуу менен “Көлмө” конушуна китепкана куруу боюнча долбоорлоо иштерин бүтүрүү боюнча протоколдук тапшырма берди.