Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз II сессиясынын жыйыны өттү. Күн тартибиндеги негизги маселе - Бишкек шаарынын мэрин шайлоо.

Мэрликке талапкер катары бир талапкер катталган, Айбек Жунушалиевди талапкерликке Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк фракциялар Коалициясы сунуштаган. Мыйзамга ылайык, добуш берүү жашыруун болуп, ага 43 депутат катышты.

Жыйынтыгында Айбек Жунушалиевге 41 депутат “макул” деген добуш, ал эми 2 депутат “каршы” деген добуштарын беришти. Ошентип, Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэри болуп шайланды.

Бишкек шаарынын мэрин шайлоо мыйзам бузууларсыз, демократиялык жана ачык өттү, деп билдирди Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы Айбек Стамов.