Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Үстүбүздөгү жылдын 4-июнунда Турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиянын кароосуна Бишкек шаарынын коммуналдык ишканаларынын балансына Бишкек шаарындагы билим берүү жана мектепке чейинки уюмдардын коммуналдык тармактарын өткөрүп берүү,

сейил бак зоналарын көрктөндүрүү, жолдорду, тротуарларды, ирригациялык тармактарды куруу, капиталдык жана утурумдук ремонттоо, ошондой эле тейлөө маселелери киргизилген. ушул максаттарга сарпталган каражаттар, сугат иштерин уюштуруу, шаардык лифт чарбасынын иши, ЕРжӨБнын “Тиричилик таштандыларын башкаруу тутумун өркүндөтүү жөнүндө” долбоорун ишке ашыруу, жол белгилерин, жасалма чырактарды жана жол чырак объекттерди орнотуу жөнундө маселелер киргизилген. Күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча Бишкек шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн маалыматтары угулду. Маселелерди кароонун жыйынтыгы боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди жана тапшырмаларды аткаруунун мөөнөттөрү белгиленди.

Билим берүү жана мектепке чейинки уюмдардын коммуналдык тармактарын шаардык муниципалдык коммуналдык ишканалардын балансына өткөрүп берүү маселесин кароонун жүрүшүндө депутаттар бул маселе 9 ай ичинде чечилбей келе жаткандыгын, эки туруктуу комиссиянын депутаттарына тийиштүү чараларды көрүүнү тапшырышкан, бирок ошол убакыттын ичинде Мэриядан маселени чечүү боюнча сунуш түшкөн жок.

Комиссиянын отурумунда шаардык сейил бактарды, жолдорду, ирригациялык тармактарды, тротуарларды куруунун сапатына байланыштуу маселелер көтөрүлүп, ушул маселелер боюнча мэриянын тиешелүү түзүмдөрү жөнүндө отчет берүү жана ушул маселенин алкагында түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишинин бардык багыттарын кароо сунуштары айтылды .

Туруктуу комиссиянын отурумунун кароосуна киргизилген бардык маселелерди маалымат иретинде эске алып, туруктуу комиссиянын төрагасы Жумабек Салымбеков шаардык муниципалдык ишканалардын отчетун  жакынкы отурумда кароо сунушун киргизди жана кароонун жыйынтыгы боюнча Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын кароосуна киргизүүнү сунуштады.