Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

Бишкек шаардык кеӊешинин депутаты Жанарбек Алымов жеке каражатынан коронавирус менен күрөшүү боюнча Бишкек шаардык штабынын эсебине 100,0 миӊ сом которду.

Бөлүнгөн каражаттар, коронавирус менен күрөшүү боюнча шаардык штабдын жана кызматтардын кызматкерлерине пандемия менен күрөшүүдө биринчи муктаждыктарын алууга жумшалат.

Ошондой эле Жанарбек Алымов, Бишкек шаарынын Биринчи май жана Ленин райондорунда жашаган жардамга муктаж болгон үй-бүлөөлөргө азык-түлүк баштыктары менен көмөк көрсөттү.

Бүгүнкү күндө 50 үй-бүлөө депутаттын жардамын алды. Иш дагы улана бермекчи.