Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

2020-жылдын 30-январында "БЖАИ" муниципалдык ишканасынын базасына чыгуу менен турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын депутаттары шаардык транспорт башкармалыгынын, "БТБ", "БЖАИ" башкармалыгынын иши менен таанышышты.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө депутаттарга Бишкек шаарынын коомдук транспортундагы электрондук билеттөө долбоорунун учурдагы абалы тууралуу маалымат берилип, жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын мэриясына шаар тургундарына электрондук билетөө долбоору жөнүндө маалымат берүү боюнча ишти жогорулатуу сунушталды.