Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

27 январда, Бишкекте Дайыр Асанов атындагы парктын Ленинград блокадачыларынын эстелигинин жанында, Ленинград блокадасын жарып өтүүнүн 76 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү.

 

Иш чарага “Ленинград блокадачыларынын Кыргыз коомунун” жетекчиси Анна Кутанова, согуш ардагерлери жана шаар тургундары катышты. Эскеүү акциясына Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Николай Удовиченко, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөр Генералдык штабынын башчысы Райимберди Дуйшенбиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов катышышты.