Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Комиссиянын жыйынында төмөнкү токтом долбоорлору каралды:

- «Бишкек шаарынын “Маданият” конушунда канализациялык насос станциясын куруу үчүн жер участогун муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө»;

- «Бишкек шаарында жаңы түзүлгөн көчөлөрдү атоо жөнүндө”;

- «Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин атын Бишкек шаарындагы сейил бакка ыйгаруу жөнүндө”.

Аталган токтом долбоорлору боюнча Бишкек шаарынын вице-мэри Уланбек Азыгалиев маалымат берди. Комиссия мүчөлөрү бул маселелерди талкуулап, өз сунуштарын айтышты жана сын-пикирлерди эске алуу менен төмөнкү корутундуга келди: кезектеги сессияда бул токтом долбоорлору каралсын.

Отурумда ошондой эле, №16 гараж-токтотуу кооперативинин кайрылуусу, бул кооперативдин мүчөлөрүнүн катышуусу менен каралды. Өткөрүлгөн газ түтүктөрүндө орнотулган жеңилдетилген типтеги объекттер боюнча комиссиянын протоколдук тапшырмалары боюнча маалымат угулду.