Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Коомдук тамактануу жайларынын өрткө каршы коопсуздугу боюнча, шаардын парктарындагы аттракциондордун техникалык абалы боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Бишкек ш. региондор аралык башкармалыгынын маалыматы угулду (Мамэкотехинспекция).

Аталган маселе боюнча Мамэкотехинспекциянын, Бишкек шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгынын өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин өкүлдөрү чакырылган. Талкуулоонун жүрүшүндө депутаттар тарабынан коомдук тамактануу жайларында өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча контролдун жана көзөмөлдүн жетишсиздиги белгиленди.

Ошондой эле комиссия мүчөлөрү тарабынан аттракциондордун техникалык нормаларга жана көрсөткүчтөргө ылайык келбеген абалы белгиленди.

Андан соң, Бишкек шаарынын мэриясынын Экономика жана инвестиция департаментинин 2018-жыл боюнча отчёту угулду. Отчетту, Бишкек шаарынын мэриясынын Экономика жана инвестиция департаментинин директору Медербек Алиев берген. Депутаттар директордун жакшы ишмердүүлүгүн жана кесипкөйлүгүн белгилешти. Талкуунун жыйынтыгы боюнча Департаменттин отчетун Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын кароосуна киргизүү чечими кабыл алынды.