Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бакыт Шайдуллаевдин төрагалыгы астында өткөн Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда туруктуу комиссияга отчёт берүүгө милдеттүү Бишкек шаарынын мэриясынын кызматтарынын 2019-жылдын жыйынтыгын чыгаруу боюнча даярдыгы, Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын аткаруучулук тартиби жөнүндө маселелер каралды.

Oшондой эле, Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан мыйзамсыз иштеп жаткан май куюучу жайлар боюнча маселе каралып, Бишкек шаарынын вице-мэри Уланбек Азыгалиевдин, “Бишкекбашкыархитектура” МИсинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Бишкек шаары боюнча региондор аралык башкармалыгынын өкүлүнүн маалыматы угулду. Алардын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө, Мамэкотехинспекциянын Бишкек шаары боюнча региондор аралык башкармалыгы тарабынан бир нече май куюучу жайларды текшерүү жүргүзүлгөн.

Туруктуу комиссия тарабынан Бишкек шаарынын вице-мэри Уланбек Азыгалиевге Бишкек шаарынын аймагындагы май куюучу жайлардын иш алып баруусу боюнча маселелерди комплекстүү чечүү сунушун киргизүү тапшырмасы берилди.

Ошондой эле, Мамлекеттик долбоорлоо институтунда Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын катышуусунда Бишкек шаарынын борбордук аймагын деталдык пландаштыруу долбоорун кароо боюнча туруктуу комиссиянын көчмө жыйыны өттү.