Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

2019-жылдын 20-ноябрында Бишкек шаардык кеӊештин төрагасы Жаныбек Абировдун, төраганын орун басары Русланбек Жакышовдун катышуусунда жана Таалайбек Сурапбаевдин төрагалыгынын алдында Бишкек  шаардык кеӊештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын отуруму болуп өттү.

Отурумда комиссиянын мүчөлөрү, Бишкек шаарынын 2020-жылга бюджетинин долбоорунун киреше бөлүгүн карашты. Бул маселе боюнча комиссиянын отурумунда Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев, вице-мэр Азиз Алымкулов, Бишкек шаарынын салык кызматынынын башчылары жана Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары маалымат беришти.

Жүргүзүлгөн талкуунун натыйжасында комиссиянын мүчөлөрү сунушталган ой пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен жогорудагы маселени кайрадан кароо ой-пикирине келишти.