Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Комиссиянын отуруму, Бишкек шаарындагы муниципалдык жайларды сарамжалдуу жана максаттуу пайдалануу, ошону менен катар, максаттуу эмес пайдалануудагы мектепке чейинки мекемелердин имараттары жана борбор калаадагы мектептердин жана медициналык мекемелердин ижарага берилген жайлары боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын маалыматын угуудан башталды.

Талкуулоонун жыйынтыгы боюнча, Бишкек шаарынын мэриясы белгилеген 7 мектептеги жайлардын ижарачылары менен келишимди жокко чыгаруу маселесин карап чыгуу, ошондой эле, № 6 шаардык ооруканадагы жайлар боюнча ижара келишимин мөөнөтүнөн мурда жокко чыгаруу жөнүндө сунуш киргизүү тууралуу протоколдук тапшырмалар берилди.

Андан ары, депутаттар Бишкек шаардык кеңештин кароосуна келип түшкөн Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын 2018-жылы үчүн отчетун угушту.

Мындан сырткары, Бишкек шаарынын вице-мэрлеринин туруктуу комиссия тарабынан берилген протоколдук тапшырмалардын аткарылышы жөнүндө маалыматы угулду. Жыйынтыгында, 2020-жылга төмөнкүлөр пландаштырылууда: Аламедин кичирайонунун тургундарына эс алуу жайын (велодорожкасы менен) уюштуруу, Бакай-Ата конушунда бала бакча курууну баштоо, тышкы агынды тармагы бар жалпы билим берүү уюмдарында ички дааратканаларын ремонттоо маселесин чечүү.