Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында жаңы конуштарды өнүктүрүү перспективалары боюнча Бишкек шаарынын вице-мэрлеринин жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин маалыматтары угулду.

Ошондой эле, “Кут” конушунун жашоочуларынын кайрылуусу каралып, маселенин алкагында, туруктуу комиссия тарабынан Бишкек шаарынын вице-мэрлерине, Ленин жана Биринчи май райондорунун башчыларынын орун басарларына тийиштүү тапшырмалар берилди.