Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

2019-жылдын 30-октябрында № 79 орто мектебинин жыйындар залында Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Руслан Жакышов Ленин районунун “Арча-Бешик” конушунун тургундары менен жолугушту.

Жолугушууга Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин административдик району боюнча муниципалдык администрациясынын башчысы Токтосун Султанов, шаардык жана райондук кызматтардын жетекчилери чакырылган.

Жолугушуунун максаты “Арча-Бешик” конушунун тургундары менен көйгөйлүү маселелерди көтөрүп, алардын негизгилери болуп конушка саркынды суу түтүкчөлөрүн өткөрүү, жолдорду оңдоо, көчөлөрдү жарыктандыруу, жер тилкелерин мыйзамдаштыруу, спорттук комплекс куруу жана бала-бакчаларды салуу болуп саналат жана эңнегизги орчундуу маселелерди 2020-жылдын куруулардын титулдук тизмесине киргизүү.

Жыйында депутат Русланбек Жакышовдун 2019-жылы жасаган иштерин камтыган слайд тартууланып, 2020-жылга МАБ менен биргеликте коюлган пландар угулду.

Жолугушунун жыйынтыгында көтөрүлгөн көйгөйлүү маселелер боюнча тиешелүү шаардыкуг жана райондук түзүмдөрдүн жетекчилерине протоколдук тапшырмалар берилди.