Ленин районунун жалпы билим берүү мекемелеринин жаңы 2019-2020 окуу жылына болгон даярдыгы текшерилди.
Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Ленин районунда жайгашкан № 9, 79 жана 93 жалпы билим берүү мектептерин карап чыкты. Бул чыгуунун максаты мектептердин имараттарында жүрүп жаткан ремонт иштеринин абалы менен таанышуу.
Жыйынтыгы боюнча, Русланбек Жакышов тарабынан тийиштүү эскертүүлөр жана сунуштар берилди.


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

