Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов бүгүн Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлерин жана саламаттыкты сактоо кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлери күнү менен куттуктады.

Бишкек шаарынын МСЭК борборунун башкы врачы Рысбек Сыдыгалиев, уюштурулган салтанаттуу иш чаранын катышуучуларына жана конокторуна, имарат боюнча экскурсия өткөрүп, жаңы конференц залы менен тааныштырып, борбордун жасаган иштери жөнүндөгү слайд көргөздү.
Русланбек Жакышов куттуктоо сөздөрүнөн кийин Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо тармагынын өнүгүүсүнө кошкон жеке салымы жана ак ниет эмгеги үчүн мыкты саламаттыктыкты сактоо кызматкерлерине Бишкек шаардык кеңешетин Ыраазычылык каттарын жана Ардак грамоталарын тапшырды.