Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Депутат Адиса Имангазиева борбор калаабыздын эң мыкты бүтүрүүчүлөрүн мектепти мыкты деген баа менен бүтүрүшү менен жана өз алдынча чоң жашоонун башталышы менен Бишкек шаардык кеңештин атынан куттуктады.

“Бишкек шаардык кеңештин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан бардыгыңыздарды мектепти артыкчылык менен бүтүшүңүздөр менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Билимге умтулган жалындуу көздөрүӊүздөрдү көрүп алып абдан сыймыктанып турамын!

Билем, бул “артыкчылык аттестатын” алуу Сиздерге оӊойго турган жок, канчалаган талыкпас эмгектин артынан, Бишкек шаарыбыздын мыкты окуучуларынын катарын толуктадыңар.

Сиздер бул сыймыкка татыктуусуңар!

Сиздер ата-энеңиздер жана мугалимдериңиздер менен, жашооңордун эң маанилүү бөлүгүн басып өттүңөр. Эми өз мектебиңер менен коштошуп, чоң турмушка аттанып жатасыздар.

Алдыда көптөгөн эшиктер ачылып, зор мүмкүнчүлүктөр жаралат. Эң башкысы - туура чечим кабыл алып, көңүлүңөргө жаккан келечек кесипти тандап алуу.

Бул кадамыңардан жеке Сиздердин гана эмес, жалпы мамлекетибиздин эртеңки күнү, экономикабыздын бакубаттуулугу көз каранды.

Ошондуктан аталган маселеге олуттуу мамиле кылып, жоопкерчиликтүү болгула.

Алган сыйлыгыӊыздар кут болсун, Агай-эжелер берген билимиӊиздер сиӊимдүү болсун, Кыргызстандын сыймыктана турган уул-кыздары болушуңуздарга чын дилимден тилектешмин!

Алтын башыӊыздар көккө жетсин, жолуӊуздар шыдыр болсун!” деп, БШКнын депутаты өз куттуктоо сөзүгдө айтып кетти.

Бишкек шаарында артыкчылк аттестатын тапшыруу аземин жылда өткөрүү салт болуп калган. Бишкек шаарындагы 6197 бүтүрүүчүлөрдүн ичинен 56 бүтүрүүчү Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулган “Алтын тамга 2019” салтанаттуу иш чаранын коногу болушту.

Салтанаттуу иш чарада Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова, Биринчи май районунун администрациясынын башчысы, Ленин районунун администрациясынын башчынын орун басары, мектептердин директорлору, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери катышышты.

Тапшыруу аземинен кийин бүтүрүүчүлөргө концерттик программа тартууланды.