Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Борбор “Эмгекке болгон тең укук жана адамдык кадырга болгон сый үчүн!” деген девиз менен ачылды. Салтанаттуу ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, миграция боюнча Мамкызматтын, Кыргыз Республикасынын Омбудсмен институнун, коомдук, эл аралык уюмдардын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чакырылган.

Бул борбор, эл аралык профсоюздук тилектештиктин Америкалык борборунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жана “Бир Дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын астындагы “Альтернатива” үй-бүлөнү калыбына келтирүү борборунун колдоосу менен ачылды.

Борбор тараптан акысыз негизде төмөнкү кызматтар көрсөтүлөт:

  • Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын эмгек Кодекстери боюнча тренингдер (окуулар);
  • эмгек маселелери боюнча юридикалык консультациялар (кеңештер) жана юридикалык алып баруулар;
  • мигрант аялдардын эмгек укуктарын коргоодо консультация (кеңеш) берүү;
  • социалдык жеңилдетүүлөрдү жана льготаларды алууда консультация (кеңеш) берүү;
  • көз карандысыз профсоюздар аркылуу аялдардын эмгек укуктарын коргоодо комөк көрсөтүү, уюмдардын эркиндигинин жана тилектештиктин тармактарын жайылтууда көмөк көрсөтүү.