Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңеш тарабынан уюштурулуп жаткан “Өлбөс полк” жүрүшү ушул жылдын 9-майында Бишкекте өтөт.

Мындай чечим бүгүн 4-апрелде, Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 74 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү боюнча Бишкек шаардык кеңештин иш комиссиясынын биринчи отурумунда кабыл алынды.

Иш комиссиясынын курамына Бишкек шаардык кеңештин депутаттары жана аппараттагы кызматкерлеринен тышкары Бишкек шаарынын вице-мэр и жана төрт райондун башчылары, жана коомчулуктун өкүлдөрү кирди. Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 74 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү боюнча комиссиясы уюштуруу жактарын, жүрүштүн маршрутун жана катышуучулардын саны боюнча талкуулашты.

Эскерте кетсек “Өлбөс полк” жүрүшү Бишкек шаардык кеңештин демилгеси менен жети жылдан бери өткөрүлүп келет. 2014-жылы “Өлбөс полк” жүрүшүнө миңдей адам катышкан, 2015-жылы, юбилейлик жүрүшкө 3000 адам катышып, 2016-жылы — 25-25 миң, 2017-жылы 34-35 миң, жана 2018-жылы 40-45 миңдей адам катышкан.