БШК делегациясы “Водоканал Санкт-Петербурга” Мамлекеттик унитардык ишканасында болушту.
Жаныбек Абировдун Төрагалыгы алдында Бишкек шаардык кеңештин делегациясы Санкт-Петербург шаарында иш сапары менен жүрөт.
Делегацияда депутаттар Жумабек Салымбеков, Таалайбек Сариев, Наталья Кулматова, Бактыбек Абдиев, Асель Пирматова жана Аскарбек Куручбеков бар.
Бүгүн делегация “Водоканал Санкт-Петербурга” Мамлекеттик унитардык ишканасынын жетекчисинин ишин аткаруучу Александр Данилов менен жолугушту.
Петербург — сууну тазалоодо уулуу суйук хлордон толугу менен баш тартып, кадимки кайнатылган туздан жасалган гипохлориднатрияга өтүп, ультрафиолет менен тазалоону колдонгон дүйнөдөгү биринчи мегаполис. “Водоканал Санкт-Петербурга” Мамлекеттик унитардык ишканасы 5,2 млн адамды жана ондогон миң ишкана жана уюмдарды таза суу менен камсыз кылат.
Жолугушуу малында катышуучулар конструктивдүү маектешип, сууну камсыз кылуу боюнча тажрыйба алмашышты.


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

