Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын дарегине № 95 мектеп-гимназиясынын окуучуларынын ата-энелеринен ысык тамакты уюштуруу боюнча мектеп ашканасынын ижарачысына арыз келип түштү.

Бул кайрылуу 5-мартта социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын отурумунда бардык жактардын катышуусу менен каралды: арыз берүүчү ата-энелер, мектеп мүдүрү, Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгынын башчысы, Ленин районунун билим берүү борборунун башчысы, мектеп ашканасынын ижарачысы жана Бишкек шаарынын тийиштүү вице-мэри.
Маселени талкуулоо учурунда арыз ээлери ашкананы текшерүү учурунда аныкталган бузуулар боюнча ижарачыга доо-талаптарын билдиришти. Арыз ээлеринин сөзү боюнча, ижарачы санитардык ченемдерди жана эрежелерди сактабайт, тамакты көрсөтүлгөн салмагына жеткирбей берүү менен бюджеттик каражаттарды уурдоого жол берип жатат. Ошондой эле, бир катар башка жүйө-далилдер айтылды.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын талкуулоосунун жыйынтыгында, тийиштүү вице-мэрге түзүлгөн жагдайды карап чыгып, жыйынтыгы боюнча бир жума ичинде жооп берүү тапшырмасы берилди.

Бүгүн, Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын кезектеги отурумунун алдында, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары ата-энелер тарабынан мурда айтылган фактыларды аныктоо максатында № 95 мектеп-гимназиясына жерине барып таанышып келишти.

Мектеп ашканасын текшерүү учурунда, ысык тамакты уюштуруу боюнча бузуулар аныкталган жок, ата-энелер тарабынан айтылган фактылар тастыкталган эмес. Комиссиянын мүчөлөрү жеке маек учурунда ашканада берилип жаткан тамак-аштын сапаты тууралуу окуучулар жана башталгыч класстардын мугалимдеринин нааразычылыгы жок экенин угушту.
Андан ары, комиссиянын отурумунда бул маселе Ленин районунун башчысынын, мектеп мүдүрүнүн, Ленин районунун билим берүү борборунун башчысынын жана вице-мэрдин катышуусунда талкууланды.

Алардын ой-пикирлери жана сунуштары угулду.

Депутаттар мектеп жетекчиси окуу процесси менен түздөн-түз алек болуусу, чыр-чатактарды ордунда чечүүсү, керек учурда район башчысынын деңгээлинде, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын катыштырбай эле, чечүүсү керектигин белгилешти.

Вице-мэр жалпы билим берүү уюмдарынын башчыларынын ишин көзөмөлгө алуусу зарыл жана чыр-чатактарды алдын алуу боюнча өз убагында чара көрүүсү керек.
Бүгүнкү күндө, жогоруда айтылган жагдайдын бардык катышуучулары менен түшүндүрүү иши жүрүп жатат.