Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Ɵз куттуктоо сөзүндө Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жылуу куттуктоо сөздөрүн айтып, Бишкек шаарынын айымдарга болгон ыраазычылыгын билдирди жана жергиликтүү өз алдынча бийликтин өнүгүшүнө кошкон салымы, аткараган эмгеги жана көрсөткөн профессионализмдиги үчүн активдүү айымдарга БШКнын Ардак грамоталарын жана Ыраазычылык каттарын тапшырды.

Алардын ичинде – мугалимдер, маданий ишмерлер, социалдык коргоонун өкүлдөрү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, коомдук ишмерлер жана башкалар.

БШКнын төрагасынын орун басары “айымдардын Бишкек шаарыбызды жакшыртуусунда жана көрктөндүрүүсүндө салымы чоң” деп белгилеп кетти. “Сиздерди, алган сыйлыгыңар менен жана келе жаткан Эл аралык аялдар күнү менен чын дилимден куттктайм. Сиздерге чын ден соолук, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалайм”, — деди Русланбек Жакышов.