Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кенештин депутаттары «Ички миграциянын шаардын транспорттук системасына таасири» темасында өткөн «Шааркана» иш-чарасында катышышты.

Бул иш чара «Городские инициативы» коомдук уюму тарабынан уюштурулан.

Изилдөөчү Салтанат Анарбаева жыйындын катышуучуларына «Ички миграциянын шаардын транспорттук системасын каандай таасир этет» темасындагы өзүнүн иликтөө ишин тартуулады.

“Биргеликте жана ыраттуу иш алып баруу менен гана заманбап борборубузду кура алабыз жана шаар тургундары менен конокторуна ыңгайлуу шарттарды түзүп бере алабыз”, деп өз сөзүндө Жаныбек Абиров белгилеп, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирип кетти.