Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абировдун катышуусунда 1-январдан тартып күчүнө кирген жаңы Кылмыш-жаза Кодексин талкуулоо боюнча тегерек стол өттү.

Тегерек столдун ишинде Бишкек шаардык кеңештин депутаттары, Бишкек шаарынын вице-мэрлери, шаардык кызмат жетекчилери жана райондук администрациялардын башчылары катышты.

Тегерек столдун башталышында, жергиликтүү бийлик органдары иш алып бара турган жаӊы кодекстерди иштеп чыгуучу-эксперттердин бири Ирина Летова “Сот жана укуктук реформалардын жалпы саясаты” тууралуу презентациясы менен сүйлөдү. Анын айтымында кылмыш укугу үч кодекстен турат — Кылмыш-жаза кодекси, Жоруктар тууралуу кодекси жана Бузуу тууралуу кодекси. Жергиликтүү бийликтин көпчүлүк ишмердиги Бузуулар тууралуу кодексине дал келет. Ошондой эле, Ирина Летова негизги  реформа жазалоонун багыттарына өзгөртүү киргизилгенине басым жазап айтып кетти.

Андан тышкары "Пробация жөнүндө" жана "Мунапыс жөнүндө" мыйзамдардын жаңы редакциясы иштей баштады. Булардын ичинен Жоруктар жана Бузуу жөнүндө кодекстер жаңы мыйзамдардын катарын толуктады. Бул мыйзамдарды даярдоо жана ишке киргизүү боюнча аракеттерге үч жылга жакын убакыт корогон.

“Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестри” презентациясы менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин информациялык технологиялары башкармалыгынын башчысы Талант Сыдыков сүйлөдү.

Ал эми Бишкек шаарынын мэриясы бузуулар кодексин ишке ашыруу боюнча иштери тууралуу маалыматын тартуулады.

Азыркы тапта мэрия тараптан Бишкек шаардык кеэештин кароосуна бузууларды кароо комиссиясынын жобосун бекитүү жөнүндө токтомдун долбоору түшкөн.

Презентациялардан кийин депутаттар жана каалоочулар өз суроолорун берип, жооп ала алуу менен бирге сунуштарын дагы айтышты.

Тегерек стол Улуу Британиянын элчилигин каржылоосу менен ПРООНдун “Кыргыз Республикасында укуктун өнүктүрүү боюнча отчеттуулукту жана ачыктыктын” долбоорунун алкагында уюштурулган.