Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров шаардыктарды кабыл алып, ар кандай мүнөздөгү маселелер айтылды.

Негизги маселе шаарды көрктөндүрүү боюнча болду. Күн сайын көрүп жаткан көйгөйлөрдү көрүп жаткан активдүү тургундар жеке жолугушууга келип, ал көйгөйлүү маселелер боюнча өз сунуш пикирлерин жана аларды чечүү жолдорун да сунуштап жаткандары кубандырат.

Жолугушуу бир дем менен, баарлашуу конструктивдүү өттү. Жаш курагына жана жеке пландарына карабастан келген ар бир жаранга ыраазычылык билдиребиз. Биздин шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча өз идея, ой жана долбоорлорун сунушташты. Жергиликтүү бийликтин ишмердигинин кемчиликтери боюнча да айтылбай койгон жок.

Бишкек шаардык кеңеш сөзсүз силердин ой-пикирди угуп, сунушуңуздар боюнча иш алып барат.