Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын окуучуларынын жана студенттеринин СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдыгына арналган салтанаттуу концертине Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов катышты.

Бул окуу жайдын окуучулары жана студенттери тарабынан концерттик программа даярдалган.

«Чолпонбек Базарбаев – хореографиялык искусствонун эл аралык конкурстарынын лауреты,  Кыргыз опера-балет театрынын бийчиси жана актеру,  жыйырма жылдан ашык убакыт улуттук балет тобунун үлгүсү болгон.

Анын артынан кыргыз балети бүт дүйнөгө таанылган.

Улуу маэстро тарабынан түзүлгөн көптөгөн сонун образдарда жаш артисттердин бир канча мууну тарбияланды жана дагы да тарбияланат.

“Эл артисттин жана бүткүл дүйнөлүк бийчинин атын сыймык менен алып жүргөн хореографиялык окуу жайдын окуучулары тарабынан уюштурулган  бүгүнкү концерт муну күбөлөндүрүп турат”, — деди  Русланбек Жакышов.