Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Ушул жылдан баштап Бишкек шаардык кеӊеш шаардык бюджетти түзүүдө жаӊы форматка өтүүнү чечти.

Ошондуктан коомдук бюджеттик угууларды Бишкек шаардык кеӊештин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын ишине чейин өткөрүү чечилген. Шаар тургундарынын ой-пикирлерин, сунуштарын, көйгөйлөрүн угуу керек.

Ошентип, кече, 30-январда коомдук угуулар Ленин жана Биринчи май райондорунун тургундары менен өткөн.

Бүгүн, 31-январда Октябрь жана Свердлов райондорунун тургундарынын сунуш, пикирлери угулду.

Мындай жол БШКнын сессиясына чейин жергиликтүү бюджеттин долбооруна толуктоолорду киргизип, шаардыктар үчүн биринчи кезекте турган маанилүү маселелерге басым жасоого мүмкүнчүлүк берет.