Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын депутаттары балдарга сапаттуу жана балансталган тамакты камсыздоо максатында шаардык мектептерди жана мектепке чейинки билим берүү окуу жайларын кыдырып чыгышты.

25-январда БШКнын депутаттары Ленин районунун №70 жана №13 мектеп-гимназияларына жана №26 бала бакчага барышты. Жыйынтыгында №70 мектеп жана №13 бала-бакча боюнча олуттуу сын пикирлер айтылган жок.

Ад эми, №13 мектеп-гимназиясы боюнча төмөнкүлөр белгиленди:

— ашкана идиш аягы үчүн текчесинин талапка жооп бербегени;

— дүӊүнөн сатылып жаткандай, таттуу-тарапанын жана суусундуктун өтө көптүгү;

— Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын бекитип берген 20 күндүк тамактануунун менюсунда мөөрдүн жоктугу жана ошондой эле тамактардын салмактык нормаларына дал келбестиги боюнча депутаттарга күмөн жаратканы (бекитилген меню боюнча — 200 гр ысык тамак) жана ашкананы ижарага алгандардын ишмердиги боюнча башка сын-пикирлер айтылды.