Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн БШКнын төрагасы Жаныбек Абиров Бишкек шаарын мэри Азиз Суракматов менен биргеликте футболчуларды жакшы оюн менен куттуктап, аларга Бишкек шаардык мэриясынын Ыраазычылык каттарын жана Ардак грамоталарын тапшырышты.

“Бишкек шаардык кеӊештин жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем!

Дүйнө жүзүн дүӊгүрөтүп, Кыргызстанды ар бир футбол күйөрманына таанытып, тарыхый беттеш өткөрүп, ар бир кыргызстандыкка чоӊ дем-күч жана сыймыктануу сезимдерин тартууладыӊар.

Спорт — таза жана адилеттүү болушу керек. Татыктуу оюн көргөзүп, акыркы мүнөттөргө чейин чыныгы кыргыздын баатырдыгын көргөздүӊөр!

Акыркы жылдарда өнүгүү жолуна түшкөн бул спорттун Кыргызстандагы деӊгээлин, сиздер дагы бир кадамга жогорулатып, тарых жаратып жатасыздар!

Мен сиздерге ишенгем! Дагы да ишенип, буюрса, мындан да чоӊ ийгиликтерге жетүүңүздөргө тилектешмин!

Мен эле эмес, сиздерге бүтүндөй Кыргызстан эли, футболдун жалпы чыныгы күйөрмандары ишенет!

Андыктан, ар бириӊерге ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо жана көптөгөн ийгиликтерди каалайм! Эӊ негизгиси койгон максаттарыӊарга жетип, Кыргызстанды дүйнөгө тааныта бериӊиздер!

Биз сиздер менен сыймыктанабыз!” — деп, Жаныбек Абиров өз каалоо сөзүндө айтты.