Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын отуруму болуп өттү.

 

Комиссия мүчөлөрү Шаардык транспорт башкармалыгынын, Бишкек троллейбус башкармалыгынын жана Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорттук ишканасынын өткөн жылдагы иши менен таанышып, 2017-жылга карата пландары жөнүндөгү маалыматты угушту.

 

Жыйынтыгында туруктуу комиссия Бишкек шаарынын мэриясына Бишкек шаардык кеңештин токтомдорун Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү ташуу кызматын аткаруунун сапатын жакшыртуу  жана борбордун муниципалдык паркын жакшыртуу жаатында аткаруу боюнча чара көрүү тапшырмасын берди.