Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өнүгүүсүнө кошкон зор салымы, көп жылдык ак эмгеги жана жогорку кесипкөйлүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Архитекторлор Союзунун ардактуу мүчөсү Бакыт Абыкаев “Бишкек шаарына ак ниет кызматы үчүн” медалы менен сыйланды.

Сыйлыкты Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев тапшырды.

Сыйлыкты тапшырып жатып шаар кеңешинин спикери Бакыт Абыкаевге бекем ден-соолук, кажыбас кайрат жана ишине мындан аркы ийгиликтерди каалап өттү.