Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Улуу Жеңиштин 72 жылдыгын майрамдоонун алкагында Бишкек шаардык кеңештин депутаттары Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттукташты.

Биринчи май районунда согуштун 54 ардагери жана майыбы жашайт. Аларды Жеңиш майрамы менен Канатбек Музуралиев жана Бактыбек Алымбеков куттукташты. Ар бир ардагерге материалдык жардам көрсөтүлдү.

9-май майрамынын алдында Октябрь районунда жашаган согуштун  60 ардагери депутат Анатолий Горбунов жана Эльмир Досалиевден материалдык жардам алышты.

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Темирлан Токобеков Ленин районунун аймагында  жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 16 ардагерин майрамы менен куттуктады. Депутат Темирлан Токобеков жеке өзүнүн атынан ардагерлерге материалдык жардам көрсөтүп, чың ден-соолук каалады.