Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңешинин XIX сессиясы болуп өттү.Сессияда  Бишкек мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын иши,  “Бишкек шаардык санитардык полигонунун абалы” тууралуу маалыматтар угулду. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары санитардык полигондун кызматкерлери менен жана полигонго жакын жайгашкан үйлөрдүн жашоочулары менен нечен ирет кездешишкен. Бишкек шаарынын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун өкүлдөрү берген баа боюнча борбор калаадагы полигондун санитардык абалы өтө оор.Таштанды-бул жугуштуу оорулардын булагы, жана ошондой эле ал жерде  ар кандай  жан-жаныбарлардын сөөктөрү жана терилери чогултулган.

Мунун бардыгы өтөө чоң коркунуч жаратып, маселенин чечилишинен калктын ден соолугу көз каранды болуп олтурат. Жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгында маселе Бишкек шаардык кеңешинин сессиясына алып чыгылды, талкуу убагында чечилбеген көп масалелер: полигон кызматкерлеринин айлык акысынын кечиктирилиши,     эмгек шартынын талапка жооп бербегендиги, атайын техниканын жоктугу айтылды. 

Бардык көрсөтүлгөн кемчиликтердин негизинде  Бишкек шаардык кеңешинин депутатары маселени  көзөмөлгө алган Бишкек шаарынын вице-мэри М.Н. Саккараевдин ишин канааттандыраарлык эмес деп баалашты.

Сессия учурунда депутаттар кызамыкка тийиштүү  санитардык-эпидемиолгиялык абал боюнча маалымат алышып,  бул инфекцияны  локализациалоого  активдүү катышкан  медициналык персоналды  сыйлоо чечимин кабыл алышты.

Мындан тышкары турак жайлардын мейманкана катары колдонулушу тууралуу маалымат угулуп, талкуунун жыйынтыгында  курамына депутаттар дагы кирген жумушчу комисиясын түзүү чечими кабыл алынды, аталган комиссияга бир айдын ичинде маселени иликтеп чыгып, ал боюнча маалыматты келерки сессияга алып чыгуу милдеттендирилди.

Бишкек шаардык кеңешинин  депутаттары дүйнөлүк адабиятка кошкон зор   салымын эске алуу менен, эрежеден тышкары негизде  Тынчтык проспектисин  кыргыз элинин чыгаан уулу Чынгыз Айтматовдун наамына  өзгөртүү чечимин кабыл алышты. Бирок бул маселе нормативтик укуктук акт  болгондуктан,  бекитилген процедуралырынын сакталышы тийиш, ага ылайык Бишкек шаардык кеңешинин  2013-жылдын 2-апрелиндеги №22 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилип, даярдалган долбоор коомдук талкууга коюлушу зарыл. Бул процедуралар өткөндөн кийин маселе сессияга алынып чыгылат.