Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Борбордо №35 автобус маршруту комфортабелдүү жапыз полдуу чоң сыйымдуулуктагы жаңы автобустар менен толтурулат. Автобус майыптар үчүн дагы ыңгайлуу болот. Алынган машиналар газ менен иштемекчи.

Кенен маалымат...

Отурумга Асылбек Кадралиев, Наталья Кулматова, Анатолий Горбунов, Улан Абдыкадыров жана Бишкек шаарынын ИИБсынын Патрулдук милиция башкармалыгынын начальниги Талант Барпиев катышты. 

Кенен маалымат...

Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер айыл аймагынын Аюу айылындагы адамдардын өмүрүн алып кеткен трагедияга байланыштуу көңүл айтам.

Жаратылыш кырсыгы алып келген оор жоготууну ар бир кыргызстандык терең кайгыруу менен кабыл алды. Бардыгыбыз үчүн оор күндөрү сиздерди сабырдуулукка чакыруу менен,  жабыр тарткандарга чыдамкайлык, күч-кубат каалап, тез сакайып кетишине тилектештигибизди билдиргим келет.

Жалпы элибиздин колдоосу  менен бул кыйынчылыкты жеңип өтөөрүңөргө терең ишенем.

Бишкек шаарынын 139 жылдыгы майрамдык маанайда, масштабдуу өттү. Негизги иш-чаралар – театралдаштырылган программа, чыгармачыл топтор, ансамблдер, ата-мекендик опералык жана эстрада жылдыздары катышкан майрамдык концерт Эски аянтта өттү.

Кенен маалымат...

Гульнара Молдобаеванын жетекчилигиндеги Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы мектепке чейинки мекемелердин иштери жөнүндөгү маалыматты укту.

Кенен маалымат...

Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы “Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 27-ноябрындагы №20 “Бишкек шаарында көп квартиралуу турак үйлөрдү үлүштүк куруунун тартиби жана шарттары жөнүндө” жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтомунун долбоорун карап чыкты

Кенен маалымат...

Таза шаар

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун демилгеси менен “Жал” кичирайонунун территориясында короо-жайларды, подъезддерди, балдар аянтчаларын көрктөндүрүү, катуу таштандадылардан тазалоо, ирригациялык тутумдарды тазалоо  иштери жүргүзүлүүдө.

Бул иштер үстүбүздөгү жылдын 15-апрелинде башталган. Ошол аралыкта иштер 14 көп кабаттуу үйдүн айланасында жүргүзүлдү. Ишембиликтин негизи болуп короолорду көрктөндүрүү  боду. 

Ишембиликтин жүрүшүндө балдар аянтчалары оңдолуп-түзөлдү, подъезддер, бордюрлар акталып-сырдалды, бактар буталып, акталды, кум толтурулган балдар аянтчасынын куму жаңыртылды. Жакынкы мезгилде көчөттөрдү отургузуу пландалууда.

Ишембиликтер жумасына эки жолудан өткөрүлүп, “Жал” кичирайонунун короолору толук тазаланып бүткөндө аяктамакчы.

Ишембиликтин демилгечиси болгон Жаныбек Абировдун ою боюнча, мындай иш-чараларды өткөрүү менен шаардыктардын тазалыкты сактоо жаатында өздөрүнө жана башкаларга карата талабы жана жоопкерчилиги жогорулайт.

 

Төрага Канатбек Музуралиев баштаган Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын тобу “Жал” кичирайонунда жайгашкан орто билим берүүчү  кытай тилин окуткан жаңы мектептин курулушу менен таанышып келишти.

Билим берүү мекемесинин долбоордук кубаттуулугу 660 орунду түзөт. Мектептин имараты үч блоктон турат: эки эки кабаттуу жана бир үч кабаттуу. Имараттын жалпы аянты 6000 квадрат метрди түзөт. Мектепте 200 орундук жыйындар залы, 751 квадрат метрлик спорттук зал, техника менен жабдылган 2 компьютердик зал, ашкана жана заманбап класстар бар. Таза абада машыгуу үчүн футбол аянты каралган.

Орто мектепти куруу үчүн 2,44 га аянтындагы жер участогу бөлүнгөн.

Мектеп биринчи окуучуларын жаңы окуу жылында кабыл алаары пландалууда.

Жалпы билим берүүчү орто мектеп 546 млн. сом өлчөмүндөгү кытай гратынын каражатына салынган, анын 7 млн. сому шаардык бюджеттен бөлүнгөн.

Визиттин алкагында Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев и Астана шаарынын Маслихатынын катчысы Жанат Нурпиисов жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарынын ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

Кенен маалымат...

Жолугушуу жылуу маанайда өттү. Бишкек шаарынын 8-11-класстарынын окуучулары Бишкек шаардык кеңештин иши жана түзүмү менен өз ооздорунан угуп таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Кенен маалымат...

2017-жылдын 8-февралында Бишкек шаардык кеңештин Регламентине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча фракция аралык жумушчу комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү.  Белгиленген иш жергиликтүү кенештердин тескөө ишмердигин оптимизациялоо, иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштуруу жана ченем жаратуу ишин жакшыртуу максатында жүргүзүлүүдө.

Кенен маалымат...

Бишкек шаардык кеңеште балдарга карата жасалып жаткан зомбулук проблемасына арналган жумушчу жыйын болуп өттү. Жыйынга Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Валентина Лисниченко, социалдык маселер боюнча туруктуу комиссиянын жетекчиси Гульнара Молдобаева, жергиликтуу өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиянын жетекчиси Алымбек Бактыбеков, Бишкек шаардык ИИББдин, билим берүү жана социалдык өнүгүү башкармалыктарынын өкүлдөрү жана балдарга жардам берүү борборунун адистери катышты.

Кенен маалымат...

Бүгүн, 2017-жылдын 7-февралында Бишкек архитектура жана курулуштагы менеджмент колледжинде 1942-жылы Одессадан Фрунзеге көчүрүлүп  келинген авиациялык мектептин биринчи бүтүрүүчүлөрүнүн даярдалып чыккандыгынын 75 жылдыгына карата орнотулган мемориалдык тактанын ачылыш аземи болуп өттү.

Кенен маалымат...

Бүгүн жаңы шайланган Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго мандат тапшыруу аземи болуп өттү. Ишчарага Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Мүзүралиев, анын орун басары Валентина Лисниченко жана фракция лидерлери катышты. Борбор калаа парламентинин  төрагасы депутаттардын атынан Албек Ибраимовдун ишине ийгилик каалады.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Мүзүралиев БУУ системасынын туруктуу координатору, БУУӨПнын Кыргызстандагы  туруктуу өкүлү   Александр Аванесов менен жолугушту.

Кенен маалымат...