Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

 Бишкек шаарынын мэриясы

2024-жылдын «__» ________

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Мамлекеттик менчикке муниципалдык турак жайларды акысыз ээликтен ажыратууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы  № 10 «Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын арандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 75 токтому менен бекитилген «Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин мамлекеттик ипотекалык кредиттөө аркылуу турак жай менен камсыз кылуу максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11, 19-беренелерине ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат: 

1. Бишкек шаарынын аймагындагы жер пайдалануучулардын милдеттенмелерин аткаруу боюнча  иш-чаралардын алкагында муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилүүгө тийиш болгон турак жайларды тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин мамлекеттик ипотекалык кредиттөө жолу менен турак жай менен камсыз кылуу үчүн мамлекеттик менчикке акысыз ээликтен ажыратууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк, жер пайдалануу жана архитектура маселесин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы
 

маалымкат-негиздеме (docx. 19 kb)
финансылык корутунду (docx. 55 kb)
юридикалык корутунду (docx. 13 kb)